КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Үй тиричиликте байыртан келе жаткан элдик кесип, улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү, калктын тарыхый эстелиги, чеберчилигинин натыйжасы. Кыргызда кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнө оймочулук, саймачылык, зергерчилик (шакек, сөйкө, билерик), жыгаччылык (эмерек, идиш-аяк, токум ж. б.), темирчилик, өрмөчүлүк, бычмачылык, теричилик ж. б. кирет. 2. Кол эмгегине негизделген майда өндүрүш. Кыргызстанда кол өнөрчүлүк жакшы өнүккөн.